Ысык-Көл облусунда үч дарыгер кармалды. Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, 8-февралда ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Ак-Суу райондук ооруканасынын үч дарыгери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар шалаакылыкка шектелүүдө.
Кошумча маалымат берилет.