Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга келди  

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров расмий сапар менен Анкара шаарына (Түркия Республикасы) келди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында МинКаб Төрагасы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Ошондой эле, Түркия Республикасынын расмий өкүлдөрү менен жолугат. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат.