Бишкектин четиндеги айланма жолдо кырсык катталып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда кечки саат 19:25тер чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда 1995-жылы туулган Ж.А.Ж. аттуу айдоочу “Тойта-Приус” унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып рулга ээ боло албай батыштан чыгышты көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу “Ситрак” унаасын сүзгөн. Анын айдоочусу Кытай жараны 1982-жылы туулган А.Л. болгон.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 29 жаштагы Ж.А. окуя болгон жерде каза болуп, анын эки жүргүнчусү ар кандай жараат менен Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген.