Мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептердин директорлору кызматтан алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бүгүн, 25-декабрда “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.
Анын айтымында, мектептин күнүмдүк муктаждыктарына — бор, чүпүрөк, кагазга бюджеттен 50 млн сом бөлүндү.
«Акча алуу токтотулду, камкорчулар кеңешине да жарлыктын негизинде акча чогултууга тыюу салдык. Акча чогултууга байланыштуу Бишкек шаарында болгон окуялар териштирилип жатат. Эгерде фактылар аныкталса мамлекеттин саясатын колдобогону жана негизсиз акча жыйнаганы үчүн айрым директорлор менен кош айтышабыз», — деди Кендирбаева