Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47,05 чакырымы такталды 

 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин Баткен облусуна караштуу Баткен шаарында өткөн.

“Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты”, – деп айтылат маалыматта.

Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.