Өзбекстанда издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү Бишкектен кармалды  

Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү Бишкектен кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле трансулуттук кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан ишинин алкагында 2023-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарынын аймагында Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун 1997-жылы туулган А.С.Ш. аттуу жараны кармалган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.С.Ш. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстан Республикасынын аймагында зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, А.С.Ш. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Маалыматтарга ылайык, А.С.Ш. жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Учурда кармалган А.С.Ш. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстанга чыгарылды.