«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын июль айында Кытайдан «М» ЖЧКсынын дарегине, товар коштоочу документтери боюнча жалпы баасы 640 миң АКШ долларын түзгөн 1 комплект магниттик-резонанстык томография келген.
«М» ЖЧКсы аталган бажы декларациясында товардын баасын 505 миң АКШ долларына арзан баалагандыгы аныкталган. Төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 5 млн 432 миң 549 сомду түздү.
Факты КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар карап чыгуу жана маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.