Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Талас облусунун Манас районундагы Сөгөт айылында “Сөгөт” атындагы башталгыч мектебине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа белек кылды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул демилге жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына жооп болду, анткени буга чейин окуучулар коңшу айылдын мектептерине күн сайын 6 чакырым жөө басып барууга мажбур болушкан.
Жергиликтүү тургундар жаңы унаа окуучуларды жамгырдан сактап, чыгармачылыкка, билимге жол ачарын белгилеп, депутатка ыраазычылык билдиришти.