Жалал-Абад шаарында акысыз медициналык кароо өткөрүлүүдө

Бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад шаарында акысыз медициналык кароо өткөрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 29-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата уюштурулган.

“Мир” кинотеатрынын алдындагы аянтта кан басымын өлчөтүп, кант диабетинин бар же жок экендигин аныктап жана дарыгерлерден кеңеш алууга болот”, – деп айтылат маалыматта.

Акысыз текшерүүдөн өтүү саат 9:00дөн 15:00гө чейин уланмакчы.