2023-жылы 8 айында Жалал-Абад облусу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 1 млрд 461,9 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат төмөндөгүдөй каржыланды:
– теңдөөчү трансферт – 372,4 млн сом;
– ыйгарым укуктарды берүүгө – 36,4 млн сом;
– электр энергия болгон 50% компенсацияга – 16,8 млн сом;
– жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 18 млн сом;
– айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 69,0 млн сом;
– Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө – 949,3 млн сом.
Мындан тышкары, Капиталдык салымдар беренеси боюнча 189 объектиге 1 млрд 60 млн сом жумшалды.