
Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында ошондой эле Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.
— Жеке коопсуздугуңуз үчүн көчөгө сейилдеп чыгуудан карманыңыз;
— Унааңызды бак-дарактын жана имараттын түбүнө токтотпоңуз;
— Турак жай жана имараттагы эшик-терезелерди жабыңыз.