Кичи автобустун ичинде өспүрүмдү тоноп кеткен шектүү кармалды

Бишкекте эл ташыган кичи автобустун ичинде өспүрүмдү тоноп кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-августта түнкү саат 23:00до кичи автобуста белгисиз адам өспүрүмгө күч колдонуп, сумкасындагы 4,5 миң сом акчасын тартып алган. Бул окуя боюнча милицияга өспүрүмдүн агасы кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Чөнтөкчү» иш-чарасынын жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.