Бул тууралуу Улуттук банкынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабылган бюролордо КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген. Ошентип, төмөнкү банкттардын лицензиялары токтотулду:
2023-жылдын 17-августунан тартып 26-августун кошо алгандагы мезгил аралыгына:
– Бишкек шаары, 7-кичирайону, 37/2-үй, «Сеул Плаза» соода борбору, 01-соода жайы дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азия Трэвэл» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6394 лицензиясы;
– Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү, 107 «Фрунзе» СБ дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ДИМ ПРОФИ» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-октябрындагы № 6009 лицензиясы;
– Чүй областы, Панфилов району, Чалдыбар айылы, Ленин көчөсү 51-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ислам КЭШ» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 22-июлундагы № 6173 лицензиясы;
– Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 96А дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «БаРаКа-финанс М» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 18-августундагы № 6342 лицензиясы.