
Жашы жете элек кызга нике кыйгандыгы үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы 1960-жылы туулган Э.Р. жашы жете элек кыз 2005-жылы туулган Б.М. менен 1995-жылы туулган Ш.Х.га нике кыйгандыгы үчүн Чүй ОИИБ кызматкерлери тарабынан кармалды.
Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.
«Тергөө учурунда жаран 1960-жылы туулган Э.Р. аталган кылмыш ишине шектүү катарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.