
Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-август күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Түп айылынын аймагында рейддик иш-чарасын жүргүзүү учурунда, мыйзамсыз балык уулоо учурунда 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.
Кармалган жарандан далил зат катары үйлөмө резина кайыгы, 3 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана мыйзамсыз кармалган 19 даана балык, анын ичинен 17 даана «Карась» жана 2 даана «Судак» балыктары алынган.
Аталган факты боюнча материалдар Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, келтирилген чыгымды аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жолдомолор жөнөтүлдү.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
