Талас облусунун Айтматов районунда милиция кызматкерлери “Ак-Шумкар” балдар эс алуучу лагеринде кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда.
Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Жай мезгили болгон соң, ата-энелер балдарын эс алууга облустун ар кайсы жерлеринде өспүрүмдөр үчүн атайын эс алуучу жайларга жиберүүдө.
Айтматов РИИБдин кызматкерлери “Ак-Шумкар” балдар эс алуучу жайында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен чектелбестен, балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте, балдардын саламаттыгына, дене-бойлук, интеллектуалдык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү максатында спорттун футбол жана волейбол боюнча оюндарын уюштуруп жатышат.
Ошондой эле балдардын логикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган кроссворд толтуруу, оюн ойнотуп, туура жүрүм-туруму боюнча балдарга лекцияларды окушууда.