
ӨКМ Аламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кызды издөө уланып жатканын кабарлады. Ага ылайык, жалпысынан 20-июлда 21 куткаруучу чыкты.
«Чүй облусунда Аламүдүн капчыгайындагы сууга 18-июлда бир жашар К. С. кызы аттуу наристе түшүп кеткен. Кызын куткарам деп 1996-жылы туулган А.Э. аттуу аял дагы сууга агып кеткен. Ошол эле күнү келиндин сөөгү табылган»,-деп жазылган маалыматта.