
Президент Садыр Жапаров Сауд Арабияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында кичи ажылык амалын аткарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду. Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи», — деп айтылат маалыматта.


