2023-жылдын 10-июлунан баштап “Достук-автожол” өткөрүү жайында жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы көбөйдү. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдайт.
Билдирүүгө ылайык, бир сутка аралыгында өткөрүү жайынан 18 миңден 22 миңге чейин адам өтүүдө.
2023-жылдын алты ай аралыгында “Достук-автожол” өткөрүү жайы аркылуу мамлекеттик чек араны 2 миллион 800 миң адам, 68 миң транспорт кесип өткөн. Жарым жыл ичинде өткөрүү жайынын аскер кызматчылары туура эмес документ көрсөткөн 595 жаранды аныкташкан. Ал эми 51 миллион 652 миң сомду түзгөн аткезчилик жүктү кармашкан, анын ичинде алтын буюмдар жана чет элдик валютадагы акча каражаттары да болгон», — деп жазылат маалыматта.