Бишкекте быйыл 54 билим берүү мекемеси оңдолот

Бишкекте 2023-жылы 54 билим берүү мекемеси оңдолот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25 мектеп, 26 бала бакча жана 3 балдар чыгармачылык борбору оңдоодөн өтөт.

11 мектептин сантехникалык жабдуулары алмаштырылат. 15 объекте жылытуу тармагы оңдолуп, дагы 9дун чатыры алмашат.