Бишкекте 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган бала куткарылды

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 17 жаштагы өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымтака караганда, 13-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Т. Айтматов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан 2006-жылы туулган А.Т. аттуу бала секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы маалымдалган.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен натыйжада 17 жаштагы баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан.

post 15 0 86526700 1635414086 Бишкекте 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган бала куткарылды