Сүрөт: Филармониянын жанында чөптүн арасынан тапанча табылды

2023-жылдын 5-июлунда болжол менен саат 09:54 чамасында Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кызматкери милициянын улук сержанты Бек Төрөкановго “Зеленхоз” муниципалдык ишканасынан Алмаз Акбаралиев аттуу кызматкери келип, улуттук филармониянын түштүк аймагындагы газондун чөптөрүн кыркып жатып тапанчага окшош ок атуучу куралын таап алгандыгын айткан.
Окуя болгон жерге ведомстволук милиция полкунун кармоо тобу барып, табылган кара түстөгү темир тапанчасын алышып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын ыкчам тергөө тобунун кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

0a9e7857 295e 4d47 9551 c45c77e3f8ba Сүрөт: Филармониянын жанында чөптүн арасынан тапанча табылды

ИИМдин Басма сөз кызматы