Түркиянын жээктеринде 80ден ашуун ооган мигранты куткарылды

Түркиянын жээктеринде 80ден ашуун ооган мигранты куткарылды, деп билдирет Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги. Маалыматка ылайык, афганстандык мигранттар түшкөн үйлөмө кайыктар Греция тараптан суу аркылуу Түркияны көздөй жөнөтүлгөн.

Түркиянын түндүк-батышындагы Чанаккале провинциясынын Айважык районунун жээгиндеги Эгей деңизинде жалпы 84 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

1-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:50дө Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы Айважык аймагынын жээгинде качкындар салынган үйлөмө кайык бар деген билдирүү алган.

Аталган маалыматтан кийин окуя болгон жерге Түркиянын Жээк коопсуздук кызматынын TCSG-6 катери жөнөтүлгөн.

Операциянын натыйжасында 37 адам аман калган.

Экинчи билдирүү ошол эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:24тө келип түшкөн. Белгиленген аймакка КB-20 жана КB-4304 кайыктары менен куткаруучулар барып, алар 47 мыйзамсыз мигрантты куткарып калууга жетишкен.

Тиешелүү процедуралардан өткөндөн кийин мыйзамсыз жүргөн 84 мигранттын баары жергиликтүү миграция бөлүмүнө жеткирилди.

6af62f80 ac7a 4157 9200 e782a156b35d Түркиянын жээктеринде 80ден ашуун ооган мигранты куткарылды