Бишкекте үч адамды мыкаачылык менен өлтүргөн жарандын соту болот

11-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин пенсионери Чынтемир Аширалиевдин сот отуруму болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, бул сот отурум ачык режимде өтүп жаткан экинчи отурум. 

Эске салсак, 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев 16-февралга караган түнү 5-кичирайондо үч адамды мыкаачылык менен адам өлтүргөн. Көп кабаттуу үйдүн батиринен борбор калаанын тургунунун жана анын эки жашы жете элек баласы – 2005-жылы туулган кыз менен 2016-жылы туулган баланын жансыз денелери табылган.

Бир күндөн кийин Аширалиев милиция кызматкерлери тарабынан өз үйүнөн кармалган. Тергөө дээрлик 4 айга созулуп, июнь айынын башында кылмыш ишинин материалдары Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Аширалиев үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынып, 2021-жылга чейин иштеген. Андан кийин Аширалиев пенсияга укук берген эмгек стажына байланыштуу аскердик кызматтан бошотулган.

2010-жылдан кийин Мамлекеттик күзөт кызматы жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКнын курамына киргизилген.