Бакай-Ата РИИБдине жаңы авто унаа белек кылынды

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 24-июнь күнү Бакай-Ата РИИБне кызматтык пайдалууга “Нива” үлгүсүндөгү жаңы авто унаа тапшырылды. Унааны тапшыруу салтанаттуу иш-чара аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Шаирбек Ташиев, Руслан Жакышов жана Айгуль Айдарова, Талас ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев жана Бакай-Ата РИИБдин өздүк курамы катышты.

8b98ae69 4039 4d82 998c 853162009946 Бакай-Ата РИИБдине жаңы авто унаа белек кылынды


“КРнын ЖК депутаттары куттуктоо сөздөрүн айтышып, бул унаа милициянын жумушун жеңилдетип, окуя болгон жерге ыкчам барып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымын кошоорун айтышты. Бакай-Ата райондук Ички иштер бөлүмүнө милицияга ылайыктуу, толук жабдылган “НИВА” авто унаасы эл өкүлдөрүнүн демөөрчүлүгү менен каржыланды. Андан тышкары алар Бакай-Ата РИИБдин имараты менен таанышып, кызматкерлердин иштерине ийгиликтерди каалап күч дем берип кетишти. Башкармалыктын башчысы Азамат Токтоналиев эл өкүлдөрүнө ыраазычылык айтып, ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап, мындан ары да облустун аймагында жигердүү ишмердүүлүк алып бараарын билдирди”, – деп айтылат маалыматта.

521fe76e 378c 432b a336 4ec6f3dc2615 Бакай-Ата РИИБдине жаңы авто унаа белек кылынды
a274d673 615e 4ce8 b0bc dc25b6dd8cf6 Бакай-Ата РИИБдине жаңы авто унаа белек кылынды
9c1aa5f1 3c34 4d62 af71 1dcb21aa12cf Бакай-Ата РИИБдине жаңы авто унаа белек кылынды
e4dd8b3a 3e5e 486b 921a cecb2d6160bc Бакай-Ата РИИБдине жаңы авто унаа белек кылынды
c59c0f29 0bf1 4739 8958 72d7a3d2bcc4 Бакай-Ата РИИБдине жаңы авто унаа белек кылынды
de9fd105 d422 48ff b495 276f300d41e5 Бакай-Ата РИИБдине жаңы авто унаа белек кылынды