22-июнда Биринчи май райондук сотундагы Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угууда абакта отурган айыпталуучулар гимнди ырдаганы үчүн судья аларды сот залынан чыгарды.
Жактоочулар сот ишинин ачык өтүшүн, абактагыларды үй камагына чыгаруу боюнча келтирген өтүнүчтөрүн кароо үчүн танапис жарыялап, кеңешмеге кетти. Анын жыйынтыгында жумуш күнү аяктады деген жүйө менен ишти кароонун мөөнөтү 23-июнга жылды.