Кыргызстанга эки Toyota Land Cruiser унаасы алынып келип, бирок бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес
Бажы кызматынан билдиришкендей, КР бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө “А.П.” ЖЧК тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан фактылар аныкталган.
“2018-жылдын 27-сентябрынан 2019-жылдын 16-июнуна чейин жогоруда аталган юридикалык жактын дарегине 2018-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser 150 жана 2019-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser 150 үлгүсүндөгү 2 унаа алынып келип, Бажы кампасы бажы жол-жобосуна коюлган.
Белгиленгендей, бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонуу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Мындан тышкары, бул товарлар мөөнөт аяктаганга чейин башка бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга тийиш. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн унаалар бажы органына билдирбестен жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн башка жактарга сатылып кеткен.
Бажы эрежелерин бузуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 млн 388 миң 879 сомду түзгөн.
Чогултулган материалдар КБР МКЖ АДСда катталып, КР мыйзамдарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.