«Тазалык» жүктөөчүлөргө муктаж

«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды жүктөөчүлөрдү издөөдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айлык маянасы 30-35 миң сомду түзөт.

“Толук маалымат алуу үчүн 0701 321 069 телефону же Ала-Арча көчөсү, №74а боюнча кайрылсаңыздар болот”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мэрия «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүлгөнүн билдирген.

tazalyk «Тазалык» жүктөөчүлөргө муктаж