Германияда эки аялды 50 метр бийиктиктен капчыгайга түртүп жиберген адам кармалды

Германияда өлкөнүн түштүгүндөгү Нойшванштейн сепилинде болгон трагедиялуу окуядан кийин АКШнын жараны камакка алынды. Бул тууралуу Tengritravel.kz Euronews телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Полициянын маалыматына караганда, ал эки мекендешти 50 метр бийиктиктен капчыгайга түртүп жиберген.

Белгиленгендей, ал киши туристтерди “жакшы күзөткө” алып баруучу жол менен ээрчип кетүүгө көндүрүп, андан соң аларга кол салып, биринин артынан бирин кулаткан.

Жабырлануучулардын бири ооруканада каза болуп, экинчиси оор абалда. Шектүү окуя болгон жерден качып кеткен, бирок көп өтпөй полиция кызматкерлери кармашкан.

YouTube video