Содомбаев “Кыргызавтожол” ишканасынын директору болуп дайындалды

Жумаш Содомбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 14-июнундагы тескемесине ылайык Содомбаев Жумаш Асанович “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.

Содомбаев буга чейин аталган “Кыргызавтожол” ишканасында директордун биринчи орун басары болуп эмгектенген, ага чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Жол чарба» департаментинин директору ошондой эле директордун орун басары болгон.