
Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоп-түзөөдө 104 млн. 81,6 миң сом кымырылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, Башкы прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан «Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоп-түзөө (15,9-61-чакырымдары)» долбоорунун алкагында аткарылган иштер боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Аталган долбоорго 17 млн 763 миң 85 долларга каралган.
«Жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле, жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган. Натыйжада мамлекетке 104 млн. 81 миң 600 сомдук материалдык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.