
Ысык-Көлдөн эки айдын ичинде беш миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тазалоо иштери ӨКМдин суучулдары тарабынан жүргүзүлүп, ушул жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн астынан 85 000 балык уулоочу тор чыгарышты.
“Жалпы 66 күн ичинде көлдүн 193 гектардан ашык аянты тазаланып, 5470 кг суу астынан таштанды терилди”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө 2023-жылдын 12-мартында башталган.