Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Кажысай» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат бүгүн, 1-июнда саат 8:00дөн 20:00гө чейин Лермонтов — Ауэзов — Токмок — Көлбаев көчөлөрү — ЖЭБ каналы, Аламүдүн-1 кичирайону, Куруучулар шаары чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.