“Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлүп, айрым аскер кызматчылары кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлгөн, анын натыйжасында айрым аскер кызматчылары кармалып, акча каражаты табылып алынды. Табылган акча каражаттарга алдын ала “пара” белгиси коюлган, бул КР УКМКнын Чек ара кызматынын айрым аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз опузалап акча талап кылынгандыгын тастыкталган. 
      "КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын аскер кызматчылары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы келип, мыйзамсыз түрдө материалдык пайда алуу максатында жана өз кызыкчылыктарын көздөп, арам ниетте өткөрмө бекеттеринен өтүп жаткан адамдарды атайылап ыңгайсыз абалга келтирип, Кыргыз-Өзбек мамлекетинин тилкесинен тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн жарандардан системалуу түрдө 50 сомдон 1000 сомго чейин мыйзамсыз акча талап кылышкан. 
      Акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй коюшуп, бул жарандарды чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбур кылышкан", - деп айтылат маалыматта.
      Азыркы учурда КР УКМКнын Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, аларга карата тиешелүү болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.