Ошто суу каптаган турак үйдүн жер төлөөсүн тазалоо иштери жүрүүдө

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районунда алдын ала маалыматка ылайык Нариман айыл аймагынын Кызыл-Мээнеткеч айылында жааган жамгырдын кесепетинен арыктагы суулар ашып, Бабуршах көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жер төлөөсүн каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 4 куткаруучу суу сордуруучу мотопомпа менен тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.