“Үч ай жатып, аман калган”: Түркияда урандылардын астында калган адам табылды

Сирияда жаран жер титирөөдөн кийин урандылардын астында үч ай жатып, аман калган. Бул тууралуу Akhbar.fouri порталы билдирди. 

Эркек киши урандылардын астынан 16-майда чыгарылган. Окуя болгон жерден тартылган кадрлардан адамдын абдан арыктаганы көрүнүп турат. Анын сөөктөрү көрүнүп калган. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

Эске салсак, Сириядагы жер титирөө 6-февралда болгон. Сегиз күндөн кийин жергиликтүү бийлик табигый кырсыктын кесепетинен 1414 адам каза болгонун кабарлаган.