
Нарын мамлекеттик университетинин Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору УКМК кызматкерине 4000 доллар өлчөмүндө пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу Атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Окуу жайда студенттерди кабыл алуу эрежелерин бузуу, чет элдиктерге диплом сатуу фактылары текшерилип жатканы айтылат.
“Б.М.А. кылмыш ишти токтотуу үчүн комитеттин кызматкерине 4000 доллар берип жаткан учурда кармалды”, — деп айтылат маалыматта.