Жапаров параддан кийинки кечки тамакка эмнеге катышкан жок?

Президент Садыр Жапаровдун Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен расмий жолугушуусу пландалгандыктан, 9-майда Кремлдеги КМШнын башка президенттери менен болгон бейформал түшкү тамакка катышкан жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаевдин айтымында, Жапаров 8-май күнү КМШ лидерлери менен кечки тамакта чогуу болгон. Ал эми эртеси, 9-майда, Жеңиш парадынан кийин өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолуккан.

Эске салсак, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган Москвадагы парадга Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан президенттери жана Армениянын премьер-министри ардактуу конок катары катышкан. Аталган түшкү тамакта Кыргызстан менен Беларустун жетекчилери болгон эмес.

239c39f0 d255 44e9 8d93 08320ea7f4db kopiya kopiya Жапаров параддан кийинки кечки тамакка эмнеге катышкан жок?