Россияда 4 кыргызстандык жол кырсыкка учурап, бирөө каза болду

Бул тууралуу облустун саламаттык сактоо башчысы Олег Костин билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык Саратов – Энгельс – Озинки жолунда болжол менен саат 19:50дө болгон. 42 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан Toyota Alphard унаасы жолдон чыгып, ала салып кеткен.

Кырсыктан жабыркаган 4 адам ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен 57 жаштагы З.К. аттуу аял алган жаракаттарынан улам ооруканада көз жумган.

Ошондой эле, 58 жаштагы Э.Х. аттуу аялдын абалы оор деп бааланууда. Дагы эки адамдын – 42 жаштагы Л.Т. менен 19 жаштагы У.О. аттуу жарандардын абалы орто оор.