Эсептөө палатасы: Агрардык сектордо 105,2 млн сомдук каражаттар сарамжалдуу пайдаланылган эмес

Кыргыз Республикасынын агрардык секторун өнүктүрүү долбоорлоруна мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Бул тууралуу Эсептөө палатасы маалымат таратты.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын агрардык секторун өнүктүрүү долбоорлоруна мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпысынан 105,2 млн сомдук натыйжасыз жана сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталган.


Алсак, «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1» долбоору (2013-2019-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) боюнча каражаттар айрым учурда долбоордун максаттарына жетпестен пайдаланылган.
Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн 20 адис жана консультанттар тартылган. Бирок жайыттардын абалы, жайыттардын деградациясынын деңгээли жана аянты боюнча расмий маалыматтар жок. Бул адистердин жана консультанттардын эмгек акысы 15,9 миллион сомду түзгөн.
2017-жылдын 17-мартында Польшанын Ветеринардык палатасы менен боордоштук кызматташуу боюнча кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстандын Ветеринардык палатасы Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын Финансылык туруктуулук боюнча колдонмо түрүндөгү макулдашылган жыйынтыктоочу документти алган эмес. Бул кызматташтыкты ишке ашырууга 4,3 миллион сом жумшалган. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Ветеринардык палатанын операциялык чыгымдарына 10,4 млн сом каржыланган, ошол эле учурда Ветеринардык палата финансылык жактан туруктуу түзүм катары түзүлбөй, ошондой эле бул долбоорго салым кошо алган эмес. Долбоордун алкагында жалпы суммасы 6,1 млн сомго 4 даана транспорт каражаттары сатылып алынган”
, – деп айтылат маалыматта.
Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчилигинин функционалдык милдеттеринин кайталанышы жалпысынан 1,5 млн сомдук эмгек акы төлөө жагынан каражаттарды сарамжалсыз пайдаланууга алып келген.
«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун алкагында (2019-2021-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) 2,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар долбоордун максаттарына жетпестен пайдаланылган, анын ичинде 0,6 млн сомго негизсиз эмгек акы төлөнүп берилген.
«Улуттук суу ресурстарын башкаруу» долбооруна кошумча каржылоо (2020-2022-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) боюнча 5,1 млн сом акча каражаты долбоордун максаттарына жетпестен пайдаланылган.

eee3b2da d8a4 4ec9 bf43 1c86a8ec2352 Эсептөө палатасы: Агрардык сектордо 105,2 млн сомдук каражаттар сарамжалдуу пайдаланылган эмес
WhatsApp Image 2023 04 28 at 12.23.26 Эсептөө палатасы: Агрардык сектордо 105,2 млн сомдук каражаттар сарамжалдуу пайдаланылган эмес