Рита Карасартова 20-июнга чейин камакта калды, – сүрөт

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартова 20-июнга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Эске салсак, 18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы кароо жылып калган.

Буга чейин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаевдин, активист Чыңгыз Капаровдун, активист Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгышкан.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

e1501762 877f 4804 82f5 cce12f7011d1 Рита Карасартова 20-июнга чейин камакта калды, - сүрөт