
Кыргызстандык жаачылар Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтө турган Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш 30-апрелден 5-майга чейин болуп өтөт. Кыргызстандан аталган мелдешке жети спортчу катышат:
- Улукбек Курсаналиев;
- Күлчоро Нурманбетов;
- Мухаммел-Ислам Алмамбет уулу;
- Айтурган Маматкулова;
- Жибек Канатбек кызы;
- Диана Канатбек кызы;
- Элиза Тыналиева;
Жаачыларды улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Заирбек Бердибаев коштоп барат.