Минск шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата аллея ачылды

Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин демилгеси менен КМШ мамлекеттеринин туруктуу өкүлдөрү 26 түп зараң багын отургузушкан.

Иш-чара президент Садыр Жапаров жарыялаган “Жашыл мурас” акциясынын алкагында өткөнү айтылат.

“Акциянын өткөрүлүшү Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленген учур менен туш келди. Беларусь бийлигине шаардагы сейил бактардын бирине жазуучунун ысымын ыйгарылышына ыраазычылык билдирем”, — деген элчи.

Элчи Эрмек Ибраимов аталган акция шериктештикке кирген өлкөлөрдө өтүп жатканын белгиледи.

Минск шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата аллея ачылды
Минск шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата аллея ачылды