
Нарын мэри жана шаардык салык кызматынын башчысы жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Нарын облустук прокуратурасы Нарын шаарынын мэрин жана салык кызматынын башчысын Салык кодексинин контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишээрлик деңгээлде жүргүзүшпөгөндүгү үчүн “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 435-беренеси (“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу”) боюнча жоопкерчиликке тартты.
Кошумчалангандай, аларга 10 миң сомдон айып салынды.