“КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалган.

      Маалыматка караганда, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, “Кыргызнефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилигине карата тергөө амалдары жүрүп жатат.
      "2017-2020-жылдар аралыгында “Кыргызнефтегаз” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Ошол эле учурда, базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн.
      Ошондой эле, жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды.
      Белгилей кетчү нерсе, аталган Б.Р.А. 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түздү.
      Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталып, алар учурда камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

“КыргызНефтегаз” ишканасынын мурдагы жетекчилиги менен биргеликте бул коррупциялык схеманы уюштурууга көмөктөшкөн 4 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды.
Азыркы учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана анын ордун толтуруу чаралары көрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

1da2929d e19f 4adc 9e23 5cb8277cde20 “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалды
5ed5aa3f a035 425f a725 f8a1e850a61f “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалды
237fcdb7 6278 4cab 8d0a c1f8870d5c02 “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалды