Бишкекте Айжиана Дагирова эки айдан бери дайынсыз болууда

Бишкекте 1992-жылы туулган Дагирова Айжиана Маликовнаны издөө иштери уланууда. Ал 17-январдан бери дайынсыз болууда.

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 17-январда милицияга К.Р. аттуу жаран кайрылып, 1992-жылы туулган эжеси Дагирова Айжиана Маликовнаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирген. Анын айтымында, эжеси ошол эле күнү болжол менен саат 16:00дөн 18:00гө чейин ал Васильев көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин айткан.

Белгилери: бою болжол менен 160-165 см.Орто дене түзүлүштө, ак жумал, чачы орто узундукта,  күрөң түстө.

Кийген кийимдери: сары күрмө, капюшону бар кызгылтым костюм, кызгылт шым, бутунда кызыл түстүү кара өтүк, күрөң жоолук.

Милициядан белгилешкендей, кыз психикалык жактан жабыркап келет.

Милиция Дагирова Айжиана тууралуу маалыматы бар жарандарды 0705 10 20 00 номерине же 102 кызматына кабарлап коюуну суранат.