Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-мартта министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаровду кабыл алганын Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда ушул жылдын январь айында Бишкекте жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу маселелери каралды.
Өзбек-кыргыз ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө, экономика, соода, энергетика, транспорт жана логистика жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле аймактар аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык алмашууну арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.