Тору-Айгырда унаага таш ыргыткандар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылынын кире беришинде өтүп бара жаткан унааларга таш ыргыткан адамдардын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-февралда социалдык тармактарда айдоочулардын бири белгисиз адамдар өтүп бара жаткан унаалар тарапка таш ыргытып жатканын айткан видео тараган. Натыйжада алдыңкы айнекте жарака пайда болгон.

Бул факты боюнча Ысык-Көл райондук милициясына эч ким арыз менен кайрылган эмес. Ошол эле учурда социалдык тармактарга жарыяланган маалыматтар Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат реестрине катталып, текшерүү башталган.

«Текшерүү учурунда милиция кызматкерлери жабыркаган унаанын айдоочусун аныкташкан. Ал Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 36 жаштагы тургуну Б.А. экендиги аныкталып, таш тийгенден улам, анын «VOLVO FM 7» унаасынын алдыңкы айнеги сынып калган», — деп айтылат маалыматта.

Андан ары текшерүүдөн кийин өтүп бара жаткан унаага таш ыргыткан адамдар аныкталган. Алар Тору-Айгыр айылынын үч жашы жете элек балдар болуп чыкты. Учурда жашы жете элек балдардын ата-энелеринин катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларды мындай аракетке түрткөн себептер такталууда.