Президент Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров элчиге бир катар тапшырмаларды берип, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жакшы саясий диалог түзүлгөнүн жана кызматташтыкты ар тараптуу өрчүтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген.

Ошондой эле, ал Индия экономикасы өнүккөн өлкө, түрдүү продукцияларды сатуу рыногу чоң экенин сөз кылып, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү манилүү экенин айткан.

Президент Кыргызстанда потенциалдуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн эске алуу менен элчиге аларды өлкөгө тартуу боюнча дайыма активдүү иш алып барууну тапшырган.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов мамлекет башчысына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, индиялык тарап менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бул кызматтагы пландары тууралуу маалымат берген.