УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөрүлгөн “Карегимде мекен чеги” деп аталган Ата мекенди коргоочу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарага 2022-жылдын сентябрындагы чек ара кагылышууда каза болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын МКНБ чек ара кызматынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын бийлик түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана башка коноктор катышты.
Ташиев аталган иш-чарага балдакчан келди.
Эске салсак, буга чейин “Регион” телеканалынын жетекчиси жеке баракчасына Камчыбек Ташиевдин иш учурундагы сүрөттү жарыялап, кийин кайра өчүргөн. Ал жүктөгөн сүрөттө УКМКнын төрагасынын артында балдактар бар болчу.
